Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-октябры №XVI-1
“Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктарды жүргүзүүдө электр энергиясынын лимитин сактоо жана белгиленген чектөөдөн ашыкча сарпталышына жол бербөө боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу жөнүндө.”
Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктарды жүргүзүүдө электр энергиясынын лимитин сактоо жана белгиленген чектөөдөн ашыкча сарпталышына жол бербөө боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаардык мэриясы:
2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилине шаардын аймагындагы бардык мектептерге, 3 бала бакчалары жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде электр энергиясына жеткирген лимитти сактоону камсыздоону жана белгиленген чектөөдөн ашыкча сарпталышына жол бербөө үчүн эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн;
2.Шаардын аймагында электр энергиясын пайдалануу боюнча бекитилген лимит сакталсын, белгиленген лимиттен ашыкча сарпталган учурда, шаардын аймагында электр энергиясы өчүрүлө тургандыгы эске алынсын.
3.Жылытуу мезгили башталганга чейин графиктин негизинде эрте мененки саат 9-00 дөн кечки 18-00 гө чейин, кыш мезгилинде эрте мененки саат 9-00 дөн кечки 17-00 гө чейин өчүрүлө тургандыгы боюнча макулдашылгандыгы жөнүндө электр энергиясын пайдалануучуларга жеткирилсин.
4.Мектептердин, бала бакчалардын жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин кыш мезгилинде үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо үчүн элдин, демөөрчүлөрдүн жана ишкерлердин колдоосу менен атайын электр кыймылдаткычтарын сатып алууну уюштуру чаралары көрүлсүн.
5.Шаар аймагында калкты керектүү көлөмдөгү көмүр менен камсыздоо үчүн сатуу пункттарын ижарасыз ачып, аларда көмүрдүн дайыма болушун жана көмүрдүн туруктуу баада сатылышы көзөмөлгө алынсын.
6.Райондук электр тармактар ишканасынын жана шаар мэриясынын аппарат кызматкерлери, ТОС башчылары, мектеп директорлору, имамдар менен биргеликте электр чубалгыларына тийген бак-дарактарды кесүүнү кыска убакыттын ичинде аякташсын.
7.Ушул сессияда кабыл алынган чечимдерди шаар мэриясынын аппарат кызматкерлери, коомдук уюмдар жана тасирдүү адамдар менен биргеликте элдин калын катмарына жеткирсин.
8.Ноокат шаар мэриясынын алдында 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыгы жана электр энергиясын көрсөтүлгөн лимиттин негизинде көрсөтүлгөн графиктен сырткары учурда ашыкча өчүрүү жагы алдын ала Ноокат РЭТ ишканасы менен байланышып, маалыматты өз убагында Ноокат шаарынын аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине, ТОС башчыларына, мечиттин имамдарына, бир күн мурда билдирип туруу жагы түзүлгөн штабдын мүчөлөрүнө жүктөлсүн.
9.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|