Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-октябры №XVI-2
“Ноокат шаарынын аймагындагы №2 У.Салиева атындагы балдар бакчасынын, А.Абдуллаев, А.Абдуваитов атындагы орто мектептерине МЭРСИКО долбоору тарабынан колдоого алынган акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө.”
Ноокат шаарынын аймагындагы №2 У.Салиева атындагы балдар бакчасынын, А.Абдуллаев,А.Абдуваитов атындагы орто мектептерине МЭРСИКО долбоору тарабынан колдоого алынган акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү маселени карап жана Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын талкуулап, Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы А.Абдуллаев, А.Абдуваитов атындагы орто мектептерине, У.Салиева атындагы балдар бакчасынын МЭРСИКОго жазган проектилерин колдоо үчүн:
- А.Абдуллаев атындагы орто мектебине 87 850 сом;
- А.Абдуваитов атындагы орто мектебине 64 300 сом;
-У.Салиева атындагы балдар бакчасына 80900 сом акча каражаты 9-айдын жыйынтыгы менен бюджетке ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен субсидия статьясынан ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|