Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-октябры №XVI-3
“Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы №4 «Кара-Турпак» балдар бакчасында тамак-ашка керектелүүчү жемиштер кымбаттагынына байланыштуу ата-энелердин төлөмүнө кошумча 100 сом акча кошуу жөнүндө “
Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы №4 «Кара-Турпак» балдар бакчасында тамак-ашка керектелүүчү жемиштер кымбаттагынына байланыштуу ата-энелердин төлөмүнө кошумча 100 сом акча кошуу жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, туризм, жаштар жана өз алдынча башкаруу, социалдык коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы №4 «Кара-Турпак» балдар бакчасында тамак-ашка керектелүүчү жемиштер кымбаттагынына байланыштуу ата-энелердин төлөмүнө кошумча 100 сом акча кошулуп, жалпысынан айына 500 сомдон төлөм алууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, туризм, жаштар жана өз алдынча башкаруу, социалдык коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|