Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-октябры №XVI-4
“Ноокат шаарына караштуу Х.Самиев атындагы мектебинин футбол ойноочу аянтчасынын ордуна кичи футбол ойноочу спорт аянтчасын куруу жөнүндө.”
Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы мектебинин футбол ойноочу аянтчасынын ордуна кичи футбол ойноочу спорт аянтчасын куруу жөнүндөгү Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдик менчик департаментинин 2014-жылдын 7-октябрындагы сунуш катын көрүп жана таанышып чыгып, Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы мектебинин футбол ойноочу аянтчасынын ордуна кичи футбол ойноочу спорт аянтчасын куруу жөнүндөгү Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдик менчик департаментинин 2014-жылдын 7-октябрындагы сунуш каты канааттандырылсын.
2.Мыйзам негизинде келишим түзүү жана тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо жагы Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин башчысы Р.Б.Коконбаевге тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|