Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-октябры №XVI-5
“Ноокат районуна караштуу Ноокат шаарынын борборундагы маданият үйүнүн алдында жайгашкан аянттын курулушуна акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө”
Ноокат районуна караштуу Ноокат шаарынын борборундагы маданият үйүнүн алдында жайгашкан аянттын курулушуна акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү маселени карап жана Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын талкуулап, Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат районуна караштуу Ноокат шаарынын борборундагы маданият үйүнүн алдында жайгашкан аянттын курулушуна 100 000 сом акча каражаты 9-айдын жыйынтыгы менен бюджетке ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен субсидия статьясынан ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|