Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-октябры №XVI-6
“Ноокат шаарынын аймагындагы Жомий мечитинин чыгыш тарабындагы мазардын жээгин бекемдөө үчүн габион сетканы орнотууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө”
Ноокат шаарынын аймагындагы Жомий мечитинин чыгыш тарабындагы мазардын жээгин бекемдоо үчүн габион сетканы орнотууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү маселени карап жана Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын талкуулап, Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы Жомий мечитинин чыгыш тарабындагы мазардын жээгин бекемдөө үчүн габион сетканы орнотууга 180 000 сом акча каражаты 9-айдын жыйынтыгы менен бюджетке ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен субсидия статьясынан ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|