Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-октябры №XVI-7
“Ноокат шаар мэриясынын жаны имаратынын ачылыш аземине
келген конокторго сый тамак үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө”
Ноокат шаар мэриясынын жаны имаратынын ачылыш аземине келген конокторго сый тамак үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү маселени карап жана Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын талкуулап, Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаар мэриясынын жаны имаратынын ачылыш аземине келген конокторго сый тамак үчүн 30 000 сом акча каражаты 9-айдын жыйынтыгы менен бюджетке ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен субсидия статьясынан ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|