Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-октябры № XVII-1
“Ноокат шаар мэриясынын 2014-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө Ноокат шаар мэриясынын ФЭБ башчысы М.Нарматовдун билдирүүсү жөнүндө”
Ноокат шаар мэриясынын 2014-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө Ноокат шаар мэриясынын ФЭБ башчысы М.Нарматовдун билдирүүсү жөнүндөгү маселе шаардык кенештин бюджет, финансы, экономика соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын заседаниесинде тийиштүү мекеме уюмдардын жетекчилеринин катышуусу менен каралгандыгынын негизинде Ноокат шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ноокат шаар мэриясынын 2014-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашалары боюнча аткарылышы эске алынсын.
Ноокат шаардык кеөешинин бюджеттин киреше жана чыгашалары боюнча жылдык пландын толугу менен аткарылышы Ноокат шаар мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнө жана салык кызматкерлерине милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|