Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык Кеңешинин III чакырылышынын ХII-сессиясы
2014-жылдын 19-ноябры № 231
“Ош шаарынын «Манас-Ата»
кичи шаарчасында көп кабаттуу үйлөрдү куруу
үчүн жер аянттарын кароо жөнүндө”
Ош шаарынын «Манас-Ата» кичи шаарчасында көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн жер аянттарын кароо жөнүндөгү Шааркуруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгынын башчысы А.Жолдошовдун сунуштаган долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 30-октябрындагы №30-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаарынын башкы планынын негизинде И.Раззаков проспектисиндеги «Космонавттар» эс алуу багынан тартып «Касиет» медициналык борборуна чейинки аралыкта жайгашкан ар кандай обьектилердин жана жеке турак үйлөрдүн ордуна көп кабаттуу үйлөрдүн, социалдык-маданий обьекттердин жана соода борборлорунун курулушуна макулдук берилсин.
2.Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) И.Раззаков проспектисиндеги «Космонавттар» эс алуу багынан тартып «Касиет» медициналык борборуна чейинки аралыкта жайгашкан ар кандай обьектилерди жана жеке турак үйлөрдү баалоо, көз карандысыз баалоочулар аркылуу жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3.Шааркуруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын Башкы башкармалыгына (А.Жолдошов) көп кабаттуу үйлөрдүн, социалдык-маданий обьекттердин жана соода борборлорунун курулушуна тиешелүү архитектуралык иш кагаздарын даярдоо жагы милдеттендирилсин.
4.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын(М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы |
У.Примов |