Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык Кеңешинин III чакырылышынын XXII-сессиясы
2014-жылдын 19-ноябры № 232
“Төлөйкөн айылынын Ражапов көчөсүндөгү
жеке менчик үй куруу үчүн берилген жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жөнүндө"
Ош шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 28-октябрындагы 360/08-6 сандуу Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Төлөйкөн айылынын Ражапов көчөсүндөгү Кытай маала участогунун 18 жаранына мурда бөлүнүп берилген жер тилкелерин мыйзамдаштырып берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап чыгып, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 12-ноябрындагы №33-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Төлөйкөн айылынын Ражапов көчөсүндөгү Кытай маала участогунун 18 жаранына мурда бөлүнүп берилген жер тилкелерин мыйзамдаштырып берүүгө макулдук берилсин.
2.Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Төлөйкөн айылынын Ражапов көчөсүндөгү Кытай маала участогунун 18 жаранына мурда бөлүнүп берилген жер тилкелерин мыйзамдаштырып берүү жагы тапшырылсын.
3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын(М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы |
У.Примов |