Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык Кеңешинин III чакырылышынын ХII-сессиясы
2014-жылдын 19-ноябры № 233
“Ош шаарындагы футбол
академиясы курулуучу жер аянты жөнүндө”
Ош шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 28-октябрындагы 360/08-6 сандуу Ош шаарында ФИФАнын «Гол-4» долбоорун ишке ашыруу максатында Турдумаматова Замирага таандык «Сары-Челек» кафеси жайгашкан жер тилкеси долбоордун курулушу үчүн алынгандыгына байланыштуу, З.Турдумаматованын уулу Ашимов Нурлан Убайдуллаевичке кезексиз түрдө «Катта-Сай» массивинен жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап чыгып, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 12-ноябрындагы №33-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаарынын тургуну Ашимов Нурлан Убайдуллаевичке кезексиз түрдө «Катта-Сай» массивинен жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) Ош шаарынын тургуну Ашимов Нурлан Убайдуллаевичке кезексиз түрдө «Катта-Сай» массивинен жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жагы сунушталсын.
3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын(М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы |
У.Примов |