Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык Кеңешинин III чакырылышынын ХII-сессиясы
2014-жылдын 19-ноябры № 234
“Ош шаарынын аймагындагы кээ бир жер тилкелердин
максаттуу багытын өндүрүш зонасынан турак-жай зонасына өзгөртүү жөнүндө”
Ош шаарынын «Манас-Ата» кичи шаарчасынын Касымбеков көчөсүндөгү жаңы курулуштар жайгашкан жер тилкелеринин зонасынын категориясын өзгөртүп берүү жөнүндөгү, аталган көчөнүн тургундарынын 2014-жылдын 23-октябрындагы арызын, Ош шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 6-ноябрындагы 369/08-6 сандуу Ош шаарынын Касымбеков көчөсүнүн номуру жок дарегиндеги аянты 2,72 га жана Мотор көчөсүнүн № 2а дарегинде жайгашкан аянты 11465,0 чарчы метр болгон жер тилкелеринин максаттуу багытын өндүрүш жана өнөр-жай багыттарынан «турак-жай» максаттык багытына өзгөртүп берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап чыгып, Шааркуруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгынын башчысы А.Жолдошовдун маалыматын, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 30-октябрындагы №25, 2014-жылдын 12-ноябрындагы №34-токтомдорун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаарынын «Манас-Ата» кичи шаарчасынын Касымбеков көчөсүндөгү жаңы курулуштар жайгашкан жер тилкелеринин максаттуу багытын өндүрүш мекеме зонасынан турак-жай зонасына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Ош шаарынын Касымбеков көчөсүнүн номуру жок дарегиндеги аянты 2,72 га жана Мотор көчөсүнүн № 2а дарегинде жайгашкан аянты 11465,0 чарчы метр болгон жер тилкелеринин максаттуу багытын өндүрүш мекеме зонасынан турак-жай зонасына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
3.Шааркуруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгына (А.Жолдошов) Ош шаарынын «Манас-Ата» кичи шаарчасынын Касымбеков көчөсүндөгү жаңы курулуштар жайгашкан жер тилкелеринин жана Мотор көчөсүнүн № 2а дарегинде жайгашкан аянты 11465,0 чарчы метр болгон жер тилкелеринин зонасынын максаттык багытын бекитип, архитектуралык иш кагаздарын жасап берүү жагы милдеттендирилсин.
4.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын(М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы |
У.Примов |