Загрузка документа…
ТОКТОМ
Ош шаардык Кеңешинин III чакырылышынын ХII-сессиясы
2014-жылдын 19-ноябры № 236
“Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык
комиссияларынынкурамына өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 32-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын курамы өзгөргөндүгүнө байланыштуу Ош шаардык Кеңешинин төрагасы У. Примовдун жана Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын сунуштарын эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Аланов А. – Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгына байланыштуу Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамынан;
Алиев А. – жеке арызынын негизинде депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, агрардык, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамынан;
Ормонов Ж. – Ош шаарынын вице мэри болуп дайындалгандыгына байланыштуу бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамынан;
Арапбаева Д. - жеке арызынын негизинде депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, социалдык маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты (маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт, туризм, коомдук уюмдар, партиялар, массалык маалымат каражаттар) маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамынан чыгарылсын.
2. Жумабаев Ү. Ош шаардык Кеңешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамына;
Кадыров Н., Шоноев Б. мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамына;
Акбашева С., Иминов А., Ишанов Д. жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамына;
Мамбетов К., Асанов А. бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамына;
Маматкулов А., Каналиев Б. архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, агрардык, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамына киргизилсин.
3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Мирзаматов) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы |
У.Примов |