Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык Кеңешинин XVIII -сессиясы
2014-жылдын 15-октябры № 10
“Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигинин балансындагы кызматтык батир жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Турак-Жай Кодексинин 56-беренесине, КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 18.08.2014-ж. чыг.№05-01/1701-катынын негизинде Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XVIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигинин балансындагы Жалал-Абад шаары К.Республикасы көчөсү, 143-7 дарегинде жайгашкан кызматтык батирди КРнын Улуттук коопсуздук комитетинин балансына өткөрүп берүүгө уруксат берилсин.
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетине (Б.Джусупбеков) кызматтык батирди КРнын Улуттук коопсуздук комитетинин балансына өткөрүп берүү жагы милдеттендирилсин.
Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаева) милдеттендирилсин
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н. Казакбаев) милдеттендирилсин.
Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Нишанов |