Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаргылчак айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын VII заседаниеси
2013-жылдын 5-сентябры № 40
“Жаргылчак айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер салыгын, мүлк салыгын 1,2,3 топторун киргизүү жана калктуу конуштарынын жерлерин, айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн, мүлк салыгынын 1,2,3 группалары боюнча экономикалык-пландоо зоналарынын өзгөчөлүгүнө зоналдык коеффициентти бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 17.10.2008-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин ишке киргизүү жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесине ылайык 1-январь 2014-жылдан баштап, жер салыгынын жана мүлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча айыл өкмөтүнүн ичинде ишке киргизүү жагы айылдык кеңештер тарабынан жүргүзүлө тургандыгын эске алып,эл депутаттарынын Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын VII кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаргылчак айыл аймагында жер салыгынын жана мүлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча салыктын түрлөрү 1-январь 2014-жылдан баштап, Жаргылчак айыл аймагында ишке киргизилсин.
2. Жер салыгынын жана мүлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча эсептөө,чогултуу жана өндүрүү жылдагы Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык аткарылсын.
3. Айыл аймагында финансы экономиеалык бөлүмдүн башчысы, башкы бухгалтер жана салык кызматкерлери тарабынан жер салыгынын жана мүлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча объектилерди салык базасына толук киргизүү боюнча жооптуу деп табылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесине ылайык айыл чарба багытындагы эмес жерлерге төлөнүүчү жер салыгынын ставкалары КЗ экономикалык-пландалуучу зоналар үчүн зоналдык коеффициентин колдонуу менен дифференцияланат, ошол себептен КЗ зоналдык коеффициентинин мааниси жергиликтүү кеңештер тарабынан кактуу конуштун экономикалык-пландоо зоналарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша үстүдөгү жылдын 1-октябрынан кеч эмес мөөнөттөжылына бир жолоудан көп эмес 0,3төн 1,2ге чейинки өлчөмүндө белгиленет. Эл депутаттарынын айылдык кеңешинин сессиясынан калктуу конуштарынын жерлерин жана айыл чарба багытындагы болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын зоналдык коеффициентин жана мүлк салыгынын 1,2,3 группалары боюнча зоналдык коеффициенти Жаргылчак айыл өкмөтү боюнча 1 бекитилсин.
5. Токтомду үч күндүн ичинде, Юстиция органынан катоодон өткөрүп, салык кызматына, тиешелүү мекемелерге тааныштыруу жагы жооптуу катчы С.Өзүбековго милдеттендирилсин.
Жаргылчак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.К.Алдашов
|