Загрузка документа…
СВЕТЛАЯ ПОЛЯНА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Светлая Поляна айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XIII сессиясы
2013-жылдын 22-сентябры № 58
“Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер салыгын,мүлк салыгын 1,2,3 топторун киргизүү жана калктуу конуштарынын жерлерин,айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн, мүлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча экономикалык- пландоо зоналарынын өзгөчөлүгүнө зоналдык коэффицентти бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 17.10.2008-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин ишке киргизүү жөнүндө мыйзамынын 3 беренесине ылайык 2014-жылдын үчтүн айынын 1нен баштап,жер салыгын жана мүлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча айыл өкмөтүнүн ичинде ишке киргизүү жагы,айылдык Кеңештер тарабынан жүргүзүлө тургандыгын эске алып,эл депутаттарынын Светлая Поляна айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги № XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Светлая Поляна айыл аймагында жер салыгы жана мүлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча салыктын түрлөрү 2014-жылдын үчтүн айынын 1нен баштап Светлая Поляна айыл аймагында ишке киргизилсин;
2. Жер салыгынын жана мүлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча эсептөө,чогултуу жана өндүрүү жактары Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык аткарылсын;
3.Айыл аймагында эсеп-кысап бөлүмүнүн башчысы,башкы бухгалтер жана салык кызматкерлери тарабынан жер салыгы жана мүлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча объектилерди салык базасына толук киргизүү боюнча жооптуу деп табылсын:
4. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339 беренесине ылайык айыл чарба багытындагы эмес жерлерге төлөнүүчү жер салыгынын ставкалары КЗ экономикалык-пландалуучу зоналар үчүн зоналдык коэффицентин колдонуу менен дифференцияланат,ошол себептен КЗ зоналдык коэффицентинин мааниси жергиликтүү Кеңештер тарабынан калктуу конуштун экономикалык-пландоо зоналарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша үстүдөгү жылдын тогуздун айынын 1нен кеч эмес мөөнөттөө жылына 1 жолудан көп эмес 0,3 төн 1,2 чейинки өлчөмүндө белгиленет.Эл депутаттарынын айылдык Кеңешинин сессиясынан калктуу конуштарынын жерлерин жана айыл чарба багытындагы болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын зоналдык коэффицентин жана мүлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча зоналдык коэффицентти Светлая Поляна айыл өкмөтү боюнча 1 бекитилсин.
5. Токтомду 3 күндүн ичинде,юстиция органдарынан каттодон өткөрүп ,салык кызматына тиешелүү мекемелерге тааныштыруу жагы жооптуу катчы Кыдырбаева Аселге милдеттендирилсин.
Жаргылчак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.К.Алдашов
|