Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-майы № 01-01/97
“Депутаттык ыйгарым укуктарын
токтотуу жөнүндө”
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Усубалиев Абдинасир Абдыгапаровичтин депутаттык мандатын өз каалоосу менен тапшыруу жөнүндөгү жазган арызын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамынын 3-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кенештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамынын 52-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Усубалиев Абдинасир Абдыгапаровичтин жазган арызы боюнча депутаттык ыйгарым укугу токтотулсун.
2. Саясий партиянын жетектөөчү органы тарабынан сунушталган, партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки катталган талапкерди бош калган депутаттык мандаттарды ыйгарууну карап чыгуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелри боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Артыков |