Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-майы № 01-01/98
“Молодёжная көчөсүнө
С.Э.Дыйкановдун ысмын ыйгаруу жөнүндө”
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндө көп жыл үзүрлүү эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан маркум Дыйканов Смайл Эшиевичтин ысмын өзү жашаган Молодёжная көчөсүнө ыйгаруу боюнча, шаардык Кеңештин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелри боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндө» мыйзамынын 7-статьясына жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1 пунктунун 23-пунктчасына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын Молодёжная көчөсүнө Дыйканов Смайл Эшиевичтин ысымы ыйгарылсын.
2. Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынан жана Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарын ушул токтомго ылайыкташтырып иштеп чыгуусу суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардын мэри К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.
4. Молодёжная көчөсүнүн жашоочуларына көчөнүн аталышы алмашкандыгына байланыштуу паспорт жана үй документтерин алмаштыруудагы кеткен чыгымын төлөп берүү жагы маркум С.М.Дыйкановдун жакын туугандарына (жубайы, балдары, бир туугандары) милдеттендирилсин.
5. Көчөнүн аталышынын жазылышы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен илүүнү жана өз каражатынан жүргүзүүнү камсыз кылуу маркум С.М.Дыйкановдун жакын туугандарына (жубайы, балдары, бир туугандары) милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнүн шаардык Кеңештин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Артыков |