Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-июлу № 01-05/105
“Кочкор-Ата» жылуулук камсыздоо
мамлекеттик ишканасын муниципалдык
менчике өткөрүү сунушун кароо жөнүндө”
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 21-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Энергетика министирлигине караштуу «Кыргызтуракжайкоммунбирлик» мамлекеттик ишканасынын балансында турган, жылуулук камсыздоо ишканасынын иш-милдеттери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлсүн деген № 340-V токтомундун 1-пунктунун биринчи абзацында көрсөтүлгөн «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы, 2011-жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын № 101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 65-беренесине ылайык күчүн жоготкондугун, үчүнчү абзацында республикалык жана областык маанидеги шаарларды бюджеттен жылуулук менен жабдууну уюштурууну субсидиялоо каралып, ал эми райондук маанидеги шаарларга жылуулук менен жабдууну уюштурууну субсидиялоо каралбагандыгын жана «Кочкор-Ата» жылуулук камсыздоо ишканасынын жылына чыгаша зыяны 17миллион сом суммадан 28 миллион сом суммага чейин экендигин талкуулап, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын кортундусун угуп, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 6-статьясына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жыл башында, жылуулук ишканасынын иш-милдеттерин каржылоо, Кочкор-Ата шаардык жергиликтүү бюджеттен акча каражаты каралбагандыктан «Кочкор-Ата» жылуулук камсыздоо ишканасын, шаардык мэриянын балансына өткөрүп алуу мүмкүн эместиги белгиленсин.
2. Республикалык бюджеттен каржыланган аймактык оорукана менен «Н.Исанов» атындагы жатак гимназия мектебинин жылуулугун каржылоо Жогорку Кеңештин № 340-V токтомунда каржылоо булактары көрсөтүлбөгөндүгү белгиленсин.
3. «Кочкор-Ата» жылуулук камсыздоо ишканасына, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинен райондук маанидеги шаарларга бюджеттик каражаттарды бөлүп берүүдө, жылуулук менен жабдууну уюштурууну субсидиялоо, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 340-V токтомунда көрсөтүлбөгөндүктөн, республикалык бюджеттен каржылоонун жол-жобосун Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 20-беренесинин 3-пунктунун редакциясына дал келтирип тактоо, шаардын мэри К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.
4. Тийиштүү мамлекеттик органдарга токтомдун нускасын жеткирүү, шаардын мэри К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү, шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
К.Д.Арстанбаева |