Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-июлу № 01-05/106
“Жомок» балдар бакчасынын
иштөө абалы жөнүндө”
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы, шаардык Кеңештин 2014-жылга бекитилген иш-пландын негизинде «Жомок» балдар бакчасынын иштөө абалын текшерүү боюнча шаардык Кеңештин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп, балдар бакчасында талапка жооп берген көптөгөн жетишсиздиктер аныкталгандыгын талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине жана 44-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңештин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматы эске алынсын.
2. Балдар бакчасындагы тамактануучу жайларды, тамак бышырган ашкананы жана ажаткананын санитардык абалын талапка ылайык келтирүүнү, даарат кагазын, самын, идиш-аяк жуучу каражаттарды жайгаштыруу балдар бакчасынын башчысы А.Сапаровага милдеттендирилсин жана ушул пунктун аткарылышы, шаардык аткаруу бийлиги тарабынан көзөмөлдөө комиссиясы түзүлүп, комиссия курамы кварталына бир жолу шаардык Кеңешке маалымат берип туруу жагы жүктөлсүн.
3. Балдар бакчасынын идиштерди жуучу жайга жана балдар кирүүчү ажатканага тынымсыз суунун келүүсүн камсыз кылуу максатында, чоң көлөмдөгү суу сактоочу идишти (цистерна) тезинен ишке киргизип орнотууну, мэр К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.
4. Балдар уктоочу бөлмөгө эки кабаттуу керебеттерди, ашканага, кир жуучу жайга талапка жооп берген эмеректерди, 75 балага ылайыкташтырылган кир жуучу машина жана муздаткыч сатып алып берүүнү уюштуруу мэр К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын 2014-жылдын 01-октябрына чейин камсыз кылуу, мэр К.М.Эгембердиевге милдеттен.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
К.Д.Арстанбаева |