Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-июлу № 01-05/107
“Муниципалдык департаменттин
аткарган иштери жөнүндө”
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы, Кочкор-Ата шаардык мэриянын алдында түзүлгөн муниципалдык менчикти башкаруу департаменттин 2013-жыл ичинде долбоорлор боюнча жүргүзгөн иштеринин жыйынтыгы жана 2014-жылга инвестиция тартуу жана шаардын келечектүү иш-планынын долбоорлору боюнча шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-33-44-беренелерине жана муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин Жобосуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын, мэриянын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин иштери жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Мэриянын алдында түзүлгөн муниципалдык менчикти башкаруу департаменти өзүн-өзү актай албай калгандыктан, департаменттин башчысынын жана бухгалтердин штаттык бирдиги калтырылып, калган штаттык бирдиги кыскартылсын жана кыскартылган штаттык бирдиктин функционалдык милдеттери, мэриянын адистерине милдеттендирүү мэр К.М.Эгембердиевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
К.Д.Арстанбаева |