Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-июлу № 01-05/108
“Шаардык Кеңештин токтомдорунун
аткарылышы боюнча мэриянын аткаруучулук тартибин кароо жөнүндө”
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы, шаардык Кеңештин 2014-жылга бекитилген иш-пландын негизинде, шаардык Кеңешинин токтомдорунун аткарылышы жөнүндө мэриянын аткаруучулук тартибин кароо боюнча, шаардык Кеңештин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 12-пунктуна, 33-беренесинин 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктуна жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин Регламентинин 11-главанын 11.12 пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматы эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы «Кочкор-Ата шаарынын 60 жылдык юбилейине арналган китепти чыгаруу жөнүндөгү» № 01-01/20 токтому, 2013-жылдын 20-майындагы кезектеги VIII сессиясынын «шаар боюнча кварталдардын схемасын чийүү жөнүндө» № 01-01/41 токтому жана 2013-жылдын 29-майындагы «муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин инвентаризациялоо» жөнүндө № 01-01/45 сандуу токтомдору өз убагында аткарылбай калгандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 44-беренесинин 1-пунктунун 1-пункчасына ылайык, 2014-жылдын 01-октябрына чейин аткарылышын уюштурууну жана жазуу түрүндө маалыматты, шаардык Кеңешке тапшыруу мэр К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү «мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
К.Д.Арстанбаева |