Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-июлу № 01-05/109
“Муниципалдык менчиктеги жалпы
пайдалануудагы жерди ижарага
берүү жөнүндө”
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы, Кочкор-Ата шаардык мэриянын алдында түзүлгөн муниципалдык менчикти башкаруу департаменттин башчысы Ч.Осоровдун, Гагарин көчөсүндөгү муниципалдык менчиктеги калктуу конуштардын жалпы пайдалануусундагы жер тилкесин иретке келтирүү максатында, ижарага сураган кайрылуусун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 14-78-беренелерине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык мэриянын алдында түзүлгөн муниципалдык менчикти башкаруу департаменттин башчысы Ч.Осоровдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Гагарин көчөсүндөгү шаардын ички каттамын камсыз кылган такси токтоочу жай, муниципалдык департаментке беш жылга ижарага берилсин.
3. Ижарага берилген жер тилкесинин айланасын жашылдандыруусун, тазалыгын жана тартибин кароо, ижарачыга милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну жана жыл сайын шаардык Кеңешке аткарган иштердин маалыматын берүүнү департаменттин башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
К.Д.Арстанбаева |