Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-сентябры № 01-05/112
“Айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн
жер салыгынын коэффициенттин бекитүү жөнүндө”
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы, Кочкор-Ата шаар аймагындагы айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын бекитүүнү карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Салык кодексинин» 339-беренесинин 4-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаар аймагындагы айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын Кз зоналык коэффициентинин өлчөмү 1,2 өлчөмүндө белгиленип бекитилсин.
2. Салыктын түрлөрү боюнча пландын аткарылышын, жылына бир жолу отчёттук мезгилде, шаардык Кеңештин сессиясында маалымат берип туруу жагы мэриянын салык бөлүмүнүн ага салыкчысына милдеттендирилсин.
3. Көмүскө экономиканы ачыка чыгарып, салыктарды төлөтүү ага салыкчыга милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
К.Д.Арстанбаева |