Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 12-июну № 367 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ "Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочукењештин курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин2005-жылдын 30-декабрындагы № 636
буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кир-гизилсин: 1. Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочукењештин курамына төмөнкүлөр киргизилсин: Болжурова Ишенгүл - Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри- Садыковна нин милдетин аткаруучу, Байкоочу кењештин төрагасы; Калыбаева Салтанат - Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башка- Курмановна руу боюнча байкоочу кењештин жооптуу катчысы. 2. Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочукењештин курамынан А.К.Мадумаров жана Т.Т.Жумаев чыгарылсын. 3. 1-пункттун сегизинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Транс-порт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы" деген сөздөр"Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орунбасары" деген сөздөр менен алмаштырылсын. Премьер-министр Ф.Кулов