Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-сентябры № 01-05/113
“Жумалиев Самарбектин менчигиндеги
жеңил унаа токтоочу жай жөнүндө”
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Токтогул көчөсүндө жайгашкан Жумалиев Самарбектин менчигиндеги жеңил унаа токтоочу жайдын күн батыш тарабына бир катар контейнер орнотууга жазган Жумалиев Самарбектин арызын карап, талкуулап унаа токтоочу жайдагы талапка жооп бербеген курулуштарды бузуп, заманбап курулуш курууга уруксат берүү үчүн, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын Токтогул көчөсү менен «Бишкек-Ош» унаа жолунун кесилишинде жайгашкан Жумалиев Самарбектин менчигиндеги жеңил унаа токтоочу жайдын (эски автобекеттин)күн батыш тарабына гана бир катар контейнер орнотууга уруксат берилсин жана контейнердин эшиги күн батыш тараптан ачылсын.
2. Керектүү иш кагаздарын(АПЗ, проект) даярдап берүү Ноокен райондук архитектура жана шаар куруу Башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну мэриянын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу Департаментине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «өнөр жай, жер, муниципалдык менчик, курулуш жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
К.Д.Арстанбаева |