Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 31-октябры № 01-05/114
“Жаратылыш газы менен
үзгүлтүксүз камсыз кылуу жөнүндө”
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Назаров Даниярдын, кыш мезгилине карата электр энергиясына киргизилген четөөлөргө байланыштуу шаардын аймагындагы калктын жашоо турмушунун тутумун жакшыртууну уюштуруу, шаарды жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну «Кыргызнефтегаз» ААКна тапшыруу сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардын аймагындагы калктын жашоо турмушунун тутумун жакшыртууну уюштуруу максатында 2014-2015-кыш мезгилинде шаарды жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну «Кыргызнефтегаз» ААКна милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуунун «Кыргызнефтегаз» ААКнун башкармалыгынын башчысы Ж.Н.Жумашовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкор-Ата шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
К.Д.Арстанбаева |