Редакцияот 31.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XVII сессиясы

 

2014-жылдын 31-октябры № 01-05/115

“Тазалык» ишканасы жөнүндө”

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин кезектеги XVI сессиясынын № 01-01/77 токтому менен бекитилген шаардык Кеңештин 2014-жылга карата түзүлгөн иш-планынын 8-пунктундагы «Тазалык» ишканасынын иштөө абалы боюнча, шаардык Кеңештин «Саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 33-44-беренелерине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматы эске алынсын.

2. 2015-жылдын бюджетин караган мезгилде «Тазалык» жашылдандыруу көрктөндүрүү санитардык тазалоо комбинатынын жумушчуларынын эмгек маянасын көтөрүү маселесин кароону шаардык Кеңештин «бюжет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу маселелери» боюнча туруктуу комиссияга сунушталсын.

3. Шаар аймагындагы таштанды салуучу контейнерлердин айланасын коргондоону жана астын цементтеп берүүнү тездетүү жагын мэр К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.

4. «Тазалык» жашылдандыруу көрктөндүрүү санитардык тазалоо комбинатына кароолкана курууга, үнөмдөлгөн акчадан уруксат берүү үчүн сессияга сунушталсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңешинин «Саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кочкор-Ата шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

К.Д.Арстанбаева