Редакцияот 31.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XVII сессиясы

 

2014-жылдын 31-октябры № 01-05/117

“Токтомду көзөмөлдөн алуу жөнүндө”

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын, шаардык Кеңештин 2014-жылдын 08-июлундагы кезектеги XX сессиясынын № 01-05/106 токтомунун аткарылышы  боюнча берген маалыматын угуп талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31 беренесинин 2-пунктунун 12-пунктчасына жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктуна жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин Регламентинин 11-главасына ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 08-июлундагы кезектеги XX сессиясынын № 01-05/106 токтому толугу менен көзөмөлдөн алынсын.

2. Балдар бакчасына 75 балага ылайыктагтырылган кир жуучу машина жана муздаткыч сатып алып берүүнү 2015-жылдын бюджетинен кароону мэр К.М.Эгембердиевге сунушталсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кочкор-Ата шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

К.Д.Арстанбаева