КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XVII сессиясы
2014-жылдын 31-октябры № 01-05/120
“Шаардык мэриянын ветеринардык
инспекторунун кайрылуусун кароо жөнүндө”
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы, мэриянын ветеринардык инспектору К.Алиевдин «шаардын аймагындагы мал жандыктарды эмдөөнүн тарифин бекитип берүү боюнча» жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин Жалал-Абад областтык бөлүмү менен макулдашылган баалардын нарк белгисине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 20-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Мэриянын ветеринардык инспектору К.Алиевдин «шаардын аймагындагы мал жандыктарды эмдөөнүн тарифин бекитип берүү боюнча» жазган кайрылуусунун негизинде, Кочкор-Ата шаар аймагында мал жандыктарынын жазгы жана күзгү эмдөөлөрүнүн наркы төмөндөгдөй наркта белгиленсин.
- жылкыга | 100сом. |
- кара малга | 80сом. |
- итке | 100сом. |
- мышыка | 100сом. |
- кой-эчкилерге | 20сом. |
- тоок | 10сом. |
- мал жандыктарына берилиүүчү тактамага | 100сом. |
- иттерге бериллүүчү тактамага | 100сом. |
2. Мал жандыктарын жазгы жана күзгү эмдөөлөрдү өз наркынан ашырбай аткарууну жана 2015-жылдын I кварталынан кечиктирбей шаардык Кеңешке токтомдун аткарылышы боюнча маалымат берүүнү мэриянын ветеринардык инспектору К.Алиевге жүктөлсүн.
3. Мал жандыктарын өз маалында эмдөөнү камсыз кылууну жана мөөнөтүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү мэриянын ветеринардык инспекторуна милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Артыков |