Загрузка документа…
(Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2017-жылдын 7-июнундагы № 01-05/37 токтомуна ылайык өзгөртүүлөр киргизилди)
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XVII сессиясы
2014-жылдын 31-октябры № 01-05/121
“Аймакта кеңири тараган басылмада токтомдорду расмий жарыялоо жөнүндө”
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 токтомунун «райондун, шаардын аймагында кыйла кеңери таралган, белгиленген тартипте каттоодон өткөн басылмалардын ичинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан аныкталуучу тиешелүү басылмаларда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актылары расимй жарыялоо деп эсептелсин» деген редакциясын талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 7-29-беренелерине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Областтын, райондун аймагында кеңири тараган басылма деп «Акыйкат» жана «Ноокен жаңырыгы» коомдук-саясий газеталары аныкталсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин токтомдору, «Акыйкат» жана «Ноокен жаңырыгы» коомдук-саясий газеталарына, Кочкор-Ата мэриясынын www.kochkorata.kg расмий сайтына жарыялоого берилсин.
3. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин токтомдорун расмий жарыялоого берүүнү, шаардык Кеңештин аппаратынын башкы адисине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардык Кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Артыков |