Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 31-октябры № 01-05/122
“Немат уулу Жайнак жөнүндө”
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы, Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын бош администрациялык кызмат ордун ээлөө конкурстарды өткөрүү боюнча комиссиясынын протоколун угуп Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 3-пунктунун 4-пункчасын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын бош администрациялык кызмат ордун ээлөө конкурстарды өткөрүү боюнча комиссиясынын протоколу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаардык мэриясынын вице-мэр кызмат ордуна, Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын бош администрациялык кызмат ордун ээлөө конкурстарды өткөрүү боюнча комиссиясынын жыйынтыгы менен Немат уулу Жайнакты вице-мэр кызмат ордуна дайындоого шаардык Кеңештин макулдугу берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кочкор-Ата шаардык мэри К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Артыков |