Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 31-октябры № 01-05/123
“Момбеков айыл Округунан өткөн жердин бир гектар жер аянтын кайра кайтаруу жөнүндө”
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы, Момбеков айыл Округунан Кочкор-Ата шаарына өткөрүлүп берилүүчү жалпысынан 22га жер аянтынын Жаштык көчөсүндөгү 1га жер тилкесин Момбеков айыл Округунда калтыруу боюнча жазган Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин жазган катын талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарына Момбеков айыл Округунан өткөрүлүп бериле турган, жалпысынан 22га жер аянтынын Жаштык көчөсүндөгү 1га жер аянты Момбеков айыл Округунун балансында калтырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кочкор-Ата шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысына жана жалпы жетекчиликке алуу шаардын мэри К.М.Эгембердиевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңешинин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Артыков |