КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XVII сессиясы
2014-жылдын 31-октябры № 01-05/124
“Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жана жоопкерчилигин
жогорулатуу боюнча» сыйлыктарды белгилөө Жобосуна өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасынын «Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча» сыйлыктарды белгилөө Жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө берген маалыматын угуп талкуулап, Кыргыз Республикасынын «жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасынын «Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча» сыйлыктарды белгилөө Жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө берген маалыматы эске алынсын.
2. Кочкор-ата шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 11-мартындагы кезектеги XVI сессиясынын № 01-01/80 токтому менен бекитилген «Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча» сыйлыктарды белгилөө Жобосунун III бөлүмүнүн 3.2 пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын.
3. «Ардак грамота», баалуу белектер жана акчалай сыйлыктарды берүүдө, кайрылуу, сунуш жана жалпы чогулушунун протоколу мэрияга келип түшкөндөн кийин, бир жумалык мөөнөт ичинде жергиликтүү кеңеш менен макулдашып, биргелешкен буйруктун негизинде грамотанын ылдыйкы эки бурчуна шаардык Кеңештин төрагасы менен мэрдин колу жана тегерек мөөрү басылып берилсин. Сыйланып жаткан адам жөнүндө өзүнүн иштеген жеринен, кварталдын жалпы чогулушунун протоколу жок болсо сыйлык берилүүгө мүмкүн эмес.
4. «Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча» сыйлыктарды белгилөө Жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизилгендиги боюнча маалыматты шаардын аймагындагы бардык мекемелерге жеткирүүнү шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелри боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Артыков |