КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XVII сессиясы
2014-жылдын 31-октябры № 01-05/128
“Джуманова Гулнаранын арызы жөнүндө”
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Пионер көчөсүнүн тургуну Джуманова Гулнаранын унаа гаражынын профилин өзгөртүп берүү боюнча жазган арызын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 252 токтому менен бекиткен Жобого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген типтүү Жобого ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Джуманова Гулнаранын унаа гаражынын профилин жаңыдан майда сатык жүргүзүү дүкөнүнө өзгөртүп берүүгө жазган арызы канааттандырылсын.
2. Турак жай курууга бардык иш кагаздарды даярдап берүү, райондук архитектура жана шаар куруу Башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Кочкор-Ата шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Артыков |