Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 31-октябры № 01-05/127
“БУУнун азык-түлүк программасынын
проектисин жөнүндө”
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын аймагында жайгашкан «И.М.Губкин» атындагы № 14 орто мектебинин директору А.К.Орозованын, Бүткүл Дүйнөлүк Бириккен Улуттар Уюмунун азык-түлүк программасынын Кыргыз Республикасында башталгыч класс окуучуларына жылуу тамак берүү боюнча эл аралык стандарттын талабына жооп берген, жогорку сапаттагы эффективдүү жана улуттун потенциалын бекемдөө проектисин ишке ашырууга жардам берүү максатында жазган кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын» 20-беренесини 6-пунктунун 4-пункчасына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «И.М.Губкин» атындагы № 14 орто мектебинин директору А.К.Орзованын жазган кайрылуусу эске алынсын.
2. Жылуу тамак берүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун азык-түлүк программасынын проектисин ишке ашырууга, керектүү болгон шаймандарды алып берүү жана курулмаларды курууга, мыйзамдуу булактардан тийиштүү акча каражатын таап, камсыз кылууну Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.
3. Орто мектептин инфраструктурасын жакшыртуу, таза суу сактоочу курулмаларды, канализация, аба алмаштыруучу вентиляция жана башка шаймандарды сапаттуу жана тездетүүнү колго алуу Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Артыков |