Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 31-октябры № 01-05/130
“Г.Салиеванын арызы жөнүндө”
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысы Ч.Осоровдун Садовая көчөсүнүн № 16 үйүнүн тургуну Г.Салиеванын жеке менчигиндеги дүкөнүндүн профилин өзгөртүп май алмаштыруучу жай курууга уруксат сураган арызын жөнөткөн катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 252 токтому менен бекиткен Жобого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген типтүү Жобого ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Г.Салиеванын жеке менчигиндеги дүкөнүндүн профилин май алмаштыруучу жайга өзгөртүп курууга уруксат сураган арызы канааттандырылсын.
2. Турак жай курууга бардык иш кагаздарды даярдап берүү, райондук архитектура жана шаар куруу Башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Кочкор-Ата шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Артыков |