Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 31-октябры № 01-05/131
“Убактылуу комиссия түзүү жөнүндө”
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин депутаттарынын, Кочкор-Ата шаарындагы борбордук базардагы муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин арендага берүүдө, сода-сатык иштерин жүргүзгөн сатуучулар менен жекече келишим түзүү шарттарын кароо боюнча берген сунуштарын карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-32-беренелин жана Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 15-19-беренелерин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Борбордук базардагы муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин арендага берүүдө, сода-сатык иштерин жүргүзгөн сатуучулар менен жекече келишим түзүү шарттарын изилдеп, кезектеги сессияга материалдарды алып чыгууну, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат, шаардык Кеңешинин «Каржы, экономика, бюджет жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын мүчөсү С.Ж.Камбаров жетектеген убактылуу комиссия бекитилсин.
2. Борбордук базардагы муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин ижарага берүүдө, сатуучулар менен түзүлгөн келишимде Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 15-19-беренелеринде белгиленген тартиптердин сакталышын кылдаттык менен карап чыгууну комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.
3. Толктомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупция менен күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Артыков |