Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын-VIII сессиясы
2014-жылдын 30-сентябры № 64
“Зергер айылдык өкмөтүнүн 2014-жылдагы жергиликтүү бюджетине жана атайын каражатына кошумча каражат кароо жөнүндө”
Зергер айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы 9 айдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетине жана атайын каражатына кошумча кражатын кароо жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Р. Жуманалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссияда каралгандыгын эске алып, Зергер айылдык кенешинин 11 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зергер айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине транспорт салыгынан 40000 сом, сатуудан алынуучу салыктын эсебинен 60000 сом, жана Токтогул айылындагы ачылган бала бакчага ата-энелердин эсебинен алынуучу төлөмдөн 98400 сом түшкөндүгүн эске алып айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине жана атайын каражатынын эсебинен кошумча лимит кошуп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын каржы министирлигинен суралсын.
2. Жогоруда бөлүнгөн акча каражаты жергиликтүү бюджетин башкаруу тармагынын 2221100 статьясына 40000 сом ЖКХ тармагынын 22154900 статьясына 98400 сомго кошумча смета түзүлсүн.
3. Бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин «Финансы, экономика, бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Зергер айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.Ибраимов |