Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын-VII сессиясы
2014-жылдын 26-февралы № 41
“Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин ошондой эле 2015-2016-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө”
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин жана 2015-2016-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселе айылдык кеңешинин «бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Ак-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 18431,9 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 17352,6 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2014-жылга бюджети кирешелери жана чыгашалары 7062,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн 2015-2016 жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 78,6миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Айланма кассалык калдык айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлүүчү накталай акча каражаты 2015-жылдын 1-январына карата 150,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
6. Айыл өкмөтүнүн 2013-жылы бюджеттин чыгаша бөлүгүнө белгиленип каржыланбай калган каражаттар 397,6 миң сом, атайын каражаттан 395,7 миң сом 2014-жылдагы бюджетти аткаруу чегинде каржылоо сунуш кылынсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Кыдыргычева |