Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын-VII сессиясы
2014-жылдын 26-февралы № 42
“Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы атайын каражат эсебинин аткарылышы жана 2014-жылга айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсебин бекитүү жөнүндө”
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы атайын каражат эсебинин аткарылышы жана 2014-жылга айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсебин бекитүү жөнүндөгү маселе айылдык кеңешинин «Бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Ак-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2013-жылы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн атайын каражатынын киреше бөлүгү 1014,1 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 719,7 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин .
2014-жылга айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсебинин кирешелери жана чыгашалары 805,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
Чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган берене (тамак аш) каржылануусу белгиленсин.
Айланма кассалык калдык айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлүүчү накталай акча каражаты 2015-жылдын 1-январына карата 50,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
Айыл өкмөтүнүн 2012-жылы атайын каражат бөлүгүнө белгиленип каржыланбай калган каражаттар 2014-жылдагы атайын каражат аркылуу каржылоо жагы сунуш кылынсын.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Кыдыргычева |