Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын-VII сессиясы
2014-жылдын 7-майы № 50
“Ак-Жар айыл өкмөтүнүн аймагындагы малчылардын мал багуу акылары жана
жайлоого көчүү мөөнөттөрү жөнүндө”
Ак-Жар айылдык Кещеши малчылардын да мал ээлеринин да кызыкчылыктарын бирдей дещгээлде карап, базар баасын эске алуу менен айылдарда өткөрүлгөн жыйындардын жана депутаттардын киргизген сунуш, пикирлеринин негизинде талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн аймагындагы малчылардын жайлоого мал багып келүү акылары кой, эчки үчүн биринчи айына 100 сом, калган айларына 80 сомдон
2. Кара мал, жылкы үчүн биринчи айына 350 сом, калган айларына 300 сомдон өлчөмдөрү бекитилсин.
3. Эгерде малчы жогорудагы талаптарды аткарбай өзү каалаган баада эсептешүүгө барса айыл өкмөтү малчынын тапкан эмгек акысынан социалдык фонд төлөмдөрүн 27% өлчөмүндө төлөтүү үчүн укук коргоо органдарына мыйзамдуу түрдө кайрылууга барат. (Бул боюнча Кыргыз Республикасынын социалдык фонд төлөмдөрү туралуу мыйзамынын статьясы бар)
4. Жайлоого көчүү мезгили 2014-жылдын 1-майынан 5-майына чейин, жайлоодон келүү мезгили 20-сентябрдан кийинки мезгилге көчүп келүү мөөнөттөрү бекитилсин. (Бул мөөнөт аба ырайынын катаалдыгына карап макулдашуу менен өзгөрүлүшү мүмкүн)
5. Эгерде бул мөөнөттөн кечиксе же бул мөөнөттөн эрте көчүп келсе ар бир кечиккен жана эрте келген бир күнү үчүн 1мищ сомдон жазана салуу өлчөмү бекитилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кещештин «мыйзамдуулук, адам укугун коргоо боюнча» туруктуу комиссиясына (А. Бакиров) жана айыл башчылырга жүктөлсүн.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Кыдыргычева |