Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын-VII сессиясы
2014-жылдын 7-майы № 52
“Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылындагы «Орто-Азия Булагы» таза суу чарбасына бөлүнгөн жерди коомдук баня куруу үчүн берүү жөнүндө”
Ак-Жар айылдык кеңеши Большевик айылынын жалпы тургундарынын муктаждыктарын, айылдын башка айылдардан чоңдугун карап, сөз болуп жаткан жер жана анын айланасындагыларда эч кандай каршылыктар жок экендигин талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылынын «Орто-Азия Булагы» таза суу чарбасына аталган 0,06га жер айылга коомдук баня куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлү айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Кыдыргычовго жана Большевик айылынын айыл башчысы А.Бакиров жолдошторго тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Кыдыргычева |