Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын-VII сессиясы
2014-жылдын 7-майы № 55
“Жайыттарды башка максаттарда пайдалануу жөнүндө”
Ак-Жар жайыт комитетинин төрагасы Бакиров Абдылланын Кыргыз өкмөтүнүн 13.09.2013-жылдагы «жайыттарды башка максатта пайдалануу жөнүндөгү Токтомунун» негизинде иштелип чыккан типтүү Жобого ылайык жайытты башка максатта пайдаланылып жаткан атуулдарга жайыт акы чегерүү боюнча билдирүүсүн угуп жана Ак-Жар айылдык кеңешинин V чыкырылыш кезексиз VIII сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыттарды бал аары чарбачылыгын өнүктүрүү максатында пайдаланып жаткан атуулдарга ээлеген аянтынын ар сотых жер аянтына 100-00 сомдон жайыт акы алынсын.
2. Жайыттарды чөп ормо катары пайдаланган атуулдарга же себепсиз эле тосуп (кашаалап) алгандыгы үчүн ар бир сотых жер аянтына 10-00 сомдон жайыт акы алынсын.
3. Жайыттарды эгин эгүү аянт катары (картошка чеснок ж.б) пайдаланган атуулдарга ар бир сотых жайыт аянты үчүн 100,00 сомдон жайыт акы салынсын
4. Кен байлык казуучу ишканалар жайыт аянтын кампа катары колдонгондугу жана айлана-чөйрөнү, жаратылышты эске алып ар бир пайдаланган бир сотых жайыт аянты үчүн 1500 сом жайыт акы алынсын.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жайыт комитетинин төрагасына (А.Бакиров) жана финансы, экономика бюджет боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына (У.Турдумаматов).
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Кыдыргычева |