Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын-VII сессиясы
2014-жылдын 7-майы № 56
“Жайыт комитетинин жайыт акы өлчөмдөрүн жана бюджетин бекитүү жөнүндө”
Ак-Жар айылдык кеңеши жайыт комитетинин төрагасы А.Бакировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт акысы кой эчки майда жандыктар үчүн 20 сомдон ири мүйүздүү мал, жылкы үчүн 100 сомдон өлчөмдөрү бекитилсин.
2. Сырттан келген мал жандыктары үчүн кой эчки майда жандыктарга 30 сомдон ири мүйүздүү мал жылкы үчүн 150 сомдон өлчөмдөрү бекитилсин.
3. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2014-жылга жалпы бюджети 323,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. (тиркелет)
4. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлү жайыт комитетинин төрагасы А.Бакировго жана айылдык кеңештин «айыл чарбачылыгы боюнча» туруктуу комиссиясына аткарылсын.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Кыдыргычева |