Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын-III сессиясы
2013-жылдын 19-марты № 12
“Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2012 жылдагы бюджетинин аткарылышы
жана 2013 жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө”
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2012-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2013-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселе айылдык кеңешинин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Ак-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 22876,8 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 22546,1 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2013-жылга айыл өкмөтүнүн бюджети кирешелер жана чыгашалары 21136,9 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн 2014-2015-жылдарга жактырылган бюджеттеринин болжолдуу көрсөткүчтөрү бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 211,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Чыгышаларды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер (эмгек акы, социалдык фондко чегерүү тамак аш.) каржылануусу белгиленсин.
6. Айланма кассалык калдык айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлүүчү накталай акча каражаты 2014-жылдын 1-январына карата 40 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
7. Айыл өкмөтүнүн 2012-жылы бюджеттин чыгаша бөлүгүнө белгиленип каржыланбай калган каражаттар 2013-жылдагы бюджеттин аткаруу чегинде каржылоо сунуш кылынсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Кыдыргычева |