Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын-III сессиясы
2013-жылдын 18-июну № 25
“Ак-Жар айылдык өкмөтүнө караштуу
Ак-Жар айылынын тургундарынын жалпы
элдик чогулушунун 6-апрель 2013-жылдагы
балдар бакчасын ачуу боюнча токтому бекитүү жөнүндө”
Ак-Жар айылдык кеңеши айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылынын тургундарынын айылга балдар бакчасын ачып берүү жөнүндөгү жалпы элдик жыйындын токтому менен таанышып айыл башчынын жана айылдык кеңештин депутаттарынын маалыматтарын угуп, сунуштарын талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айылында көптөгөн үй-бүлөлөрдүн муктаждыктарын чечүү максатында балдар бакчасын уюштуруу боюнча жалпы элдик чогулуштун токтому бекитилсин. Ак-Жар айылында Ак-Жар айылынын тургундары Аттокуров Сапаттын 50,0 миң сомдук, Атабаев Камчыбектин 80,0 миң сомдук жана айыл өкмөтүнүн 50,0 миң сомдук демөөрчүлүк жардамдарынын негизинде 80 (сексен) орундуу «Кушубак» балдар бакчасы С. Аттокуровдун жана анын авасы Бокоев Аскардын үйлөрүнүн ээлеген аянттарына ачылсын.
2. «Кушубак» атындагы балдар бакчасынын жетекчиси болуп Жусупова Айгүл бекитилсин.
3. Ак-Жар айыл өкмөтүнө «Кушубак» балдар бакчасын көмүр-отун, тамак-аш продуктулары менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен мүмкүнчүлүгүнө жараша камсыздоосу сунушталсын.
4. Суралсын Өзгөн райондук мамалекеттик администрациясынан жана райондук билим берүү бөлүмүнөн ушул токтомду бекитип берүү жагы.
5. Суралсын Өзгөн райондук мамалекеттик администрациясынан жана райондук финансы бөлүмүнөн «Кушубак» балдар бакчасын мамлекеттик бюджетке өткөрүп берүү жагы
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Ибраимов Орозалиге тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Кыдыргычева |