Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын-III сессиясы
2013-жылдын 18-июну № 26
“Ак-Жар айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын, айылдык кеңештин, айыл өкмөтүнүн токтомдорун мамлекеттик тил, кыргыз тилинде жүргүзүү боюнча”
Ак-Жар айылыдык кеңеши айыл өкмөтүнүн жалпы калкынын 99,1%тин жалаң гана кыргыз улуту түзгөндүгүн жана айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин тиешелүү токтомдорун жүргүзүүдө, каттоодон өткөрүүдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүсү боюнча талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн иш кагаздары, айылдык кеңештин, айыл өкмөтүнүн токтомдору мындан ары мамлекеттик тил, кыргыз тилинде баяндалып жүргүзүлсүн.
2. Айыл өкмөтүнүн бардык адистерине каттарга жооп берүүдө, жогор жактан келген токтомдорду турмушка ашырууда мамлекеттик тил, кыргыз тилинде жүргүзүүсү эскертилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары О. Ибраимовго жана жооптуу катчы Ж.Култаевге тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Кыдыргычева |