Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын-III сессиясы
2013-жылдын 21-сентябры № 34
“Какыр айылынын көчөсүнө наам берүү жонундо”
Ак-Жар айылдык Кенеши Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Какыр айылынын тургундарынын 2013-жылдын 8-августагы жалпы чогулушунун протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл окмотуно караштуу Какыр айылынын тургундарынын 2013-жылдын 8-августундагы жалпы чогулушунун протоколу жана Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө зор салым кошкон партиялык, советтик жетекчилик кызматтарды аркалап келген татыктуу эмгеги үчүн Какыр айыл тургуну Кадыралиев Маматалинин ысымы Какыр айылынын негизги асфальт трасса көчөсүнө берилсин. Мындан ары ал көчө «Кадыралиев Маматали атындагы көчө» деп аталсын
2. Кадыралиев Маматалинин балдарына, урук-туугандарына көчө боюнчдагы үйлөргө катар номер берип, санитардык тазалык иштерин жүргүзүп туруусу сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышынын козомолдоо Какыр айылынын айыл башчысы У.Акматовго жана айылдык кенештин «социалдык маселелер боюнча » туруктуу комиссиясына (Турдали уулу Кубаныч) тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Кыдыргычева |