Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын-III сессиясы
2013-жылдын 29-октябры № 39
“Большевик айылындагы №38 С.Эшматов орто мектептин курулушу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө”
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Большевик айылындагы №38 С.Эшматов атындагы орто мектебинин окуу корпустары азыркы күндүн талабына жооп бербей, же кошумча окуу корпусун салууга жер аянты тар болгондуктан, Кыргыз Республикасынын жер Кодексинин 32-беренесинин 4-пункутуна ылайык, Большевик айылынын жалпы элдик жыйынын 24-октябрь 2013-жылдагы протоколунун жана Большевик айылынын тургундарынын суроо-талабын канааттандыруу максатында Ак-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жер пайдалануу планы боюнча Большевик айылындагы №250 контурдагы жер аянтынан №38 С.Эшматов атындагы орто мектебинин жаны 550 орундуу мектебинин курулушу үчүн 27500 кв.м (2.75га) жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Жер аянтын бир багыттан экинчи багытка которууга тийиштүү иш-кагаздарын даярдап жана жер участогун мамлекеттик каттоого алуу жагы Өзгөн райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Курулуш иштерине тийиштүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы Өзгөн архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана айылдык кеңеш тарабынан керектүү болгон иш-кагаздарын даярдоо жагы комиссиянын төрагасы Ө.Алишеровго милдеттендирилсин.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Кыдыргычева |